Биз менен байланышыңыз

Министрлик: «Азаттык Медиага» карата соттук териштирүү токтоду

Кыска кабар | 12 Июл 2023 | 324 | 0

«Азаттык Медиа» мекемеси чек арадагы окуя жөнүндө материалды бардык ресурстарынан өчүрдү жана соттук териштирөөлөр токтоду. Бул тууралуу  Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 12-июлда кабарлады.

«Анык эмес маалыматы менен бул материалдын өчүрүлүшүнө байланыштуу Маданият министрлиги менен «Азаттык Медиа» бардык соттук териштирүүлөрдү токтотту, «Азаттыкка» карата чектөөлөр мыйзам менен белгиленген тартипте алынат. Тийиштүү тынчтык келишими 12-июлда Бишкек шаардык соту тарабынан бекитилди» , — деп айтылат маалыматта.

«Азаттык Медиа» мекемеси бул чечим боюнча маалымат бере элек.

Быйыл 27-апрелде Бишкектин Ленин райондук соту Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин «Азаттык Медиа» мекемесине каршы арызын канааттандырып, судья Чолпон Каримбаева «Азаттык Медианын» кыргыз редакциясынын ишин токтотуу боюнча чечим кабыл алган.

«Азаттыктын» жактоочулары бул чечимге каршы аппеляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган.

Быйыл 23-январда Маданият министрлиги «Азаттык Медианын» ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко кайрылган.

Өткөн жылы 26-октябрда министрлик «Азаттык Медиа» мекемесинин веб-сайтын бөгөттөгөн.  Ага «Азаттык» радиосунун дагы бир кызматы «Настоящее время» телеканалынын сайтында 2022-жылы сентябрда болгон Баткен окуясы тууралуу материалы негиз болгон.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай жогоруда аталган материалда журналистиканын эл аралык стандарттары сакталганын белгилеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM