Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы: Арча-Бешикке таза суу туруктуу бериле баштайт

Кыска кабар | 12 Июл 2023 | 134 | 0

Бишкек шаарынын мэриясы «Көк-Жар» суу алгычында пландалган оңдоо иштери бүткөрүлгөнүн жана суу маселеси чечилгенин кабарлады.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, резервуарлар дезинфекцияланып, суу түтүктөрүндө керектүү оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Бул иш-чаралардын натыйжасында ичүүчү суунун оптималдуу сапаты жана суу менен камсыздоо тутумунун ишенимдүү иштеши камсыз кылынат.

Аткарылган иштердин жыйынтыгында 12-июль эртең менен шаардын бардык аймагына, анын ичинде Арча-Бешик конушуна таза суу туруктуу бериле баштайт.

Июнь айында Бишкек шаарында жана калаанын айрым калктуу конуштарында таза суу тартыш болуп, сууну берүүдө чектөөлөр киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM