Биз менен байланышыңыз

Ысык өткөнүн кантип билебиз? Адистен кеңеш (видео)

Кыска кабар | 12 Июл 2023 | 214 | 0
Сүрөт "Спутник" сайтынан алынды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө таянып, 12-июлдан 14-июлга чейин абанын табы кескин түрдө жогорулап, ысык аба ырайы күтүлүп жатканын эскертет.

Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 36…41°ка чейин, Талас облусунун өрөөнүндө 34…39°ка чейин жогорулашы күтүлөт.

Мындай кургак ысык аба ырайынын учурунда организмди чаңкоодон жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугарууну сунуш кылынат.

Ысыктан сактануу боюнча ӨКМдин Ош шаары баюнча башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучу-фельшери Хапиза Хамидова төмөндөгүдөй кеңештерди берет.

Copyright © 2017 Maral FM