Биз менен байланышыңыз

Мирзиёев инвестиция тарта албаган аткаминерлерди иштен алды (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Июл 2023 | 271 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев инвестиция тартууда жана аны өздөштүрүүдөгү кемчиликтери үчүн бир катар губернатор, аткаминерлер ээлеген кызматтарынан бошотулганын айтты.

Ал президенттик шайлоодон кийин 11-июлда биринчи жыйын өткөрүп, инвестиция тартуу маселесин талкуулады.

Президент 1,5 миң инвестициялык долбоорду тездетүү жана 12 миллиард доллардан ашык чет элдик инвестицияны өнүктүрүү боюнча кошумча милдеттерди койду.

Жыйында ошондой эле чет мамлекеттер менен инвестициялык өнөктөштүктүн жыйынтыгы каралды. Акыркы эки жылда Өзбекстан жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын жыйынтыгында Сауд Арабиясы, Франция, Венгрия, Сингапур, Египет, Германия, Кытай, Италия, Катар жана башка мамлекеттер менен көптөгөн келишимдерди түздү.

Венгрия, Пакистан, Таиланд, Чехия жана Япония менен кызматташууда оң жылыштар белгиленди.

Үстүбүздөгү жылдын акыркы алты айында өнөр жай тармагына 3,6 миллиард доллар инвестиция өздөштүрүлдү. Анжиян шаарына, Булакбашы, Ромитан, Галляарал, Фариш, Карманинский, Давлатабад, Чуст, Каттакурган, Сырдарыя облустарына 50 миллион доллардан ашык түз инвестиция тартылган. Мунун эсебинен бул аймактарда жалпысынан 50 миңге жаңы жумуш орундары жана кошумча 1 триллион сумдук киреше булактары түзүлдү.

Бирок айрым аймактарда жана тармактарда инвестиция тартуу көрсөткүчү жана инвестициялык климат төмөн. Ошол себептен бул район-шаарлардын акимдери, министрдин орун басарлары, мамлекеттик ишканалардын жооптуу кызматкерлери ээлеген кызматынан бошотулуп, айрымдарына сөгүш жарыяланды.

230 долбоордун алкагында 4,4 миллиард доллар түз чет элдик инвестицияны өздөштүрүү, аймактардагы 1,2 миң долбоордун алкагында дагы 4,6 миллиард доллар инвестиция тартуу тапшырмасы коюлду.

Долбоорлор 3 категорияга бөлүнүп, жекече каралат. Алсак, ири долбоорлорду облус акиминин инвестиция боюнча орун басары, орто долбоорлорду райондун акими, кичи долбоорлорду район акиминин инвестиция боюнча орун басары жетектейт.

Бул системаны натыйжалуу ишке ашыруу жана маселелерди жеринде чечүү үчүн ар бир облуска жооптуу адамдар бекитилет.

Өзбекстанда 9-июлда президенттик шайлоо өттү. Азыркы президент Шавкат Мирзиёев добуштардын 87,1% менен шайлоону жеңди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM