Биз менен байланышыңыз

Нарында туристтер үчүн QR коддуу стенддер орнотула баштады

Кыска кабар | 11 Июл 2023 | 107 | 0

Нарын облусунун аймагына туристтердин коопсуздугун камсыздоо жана алардын эс алуусуна шарттарды түзүү максатында QR код менен маалымат такталары илинип жатат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынан кабарлашты.

QR код аркылуу Нарын облусуна келген туристтер уюлдук телефонунан облуста кайсы жерде эс алуучу, тамактануучу жайлар бар экендигин жана автоунаа тейлөөчү сервердик жерлерди, жол карталарын көрө алышат.

Буга чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан туристтер үчүн 20 миң даана эскертме буклеттери даярдалып, жер-жерлерге таратылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM