Connect with us

Диплом чыры: Алимжанов менен Исмаилов БШКны сотко берди

Кыска кабар | 11 Июл 2023 | 290 | 0

Депутаттык мандатынан ажыратылган Фарходбек Алимжанов жана Фархат Исмаилов Борбордук шайлоо комиссиясын сотко берди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы «Маралга» тастыктады.

Маалыматка караганда, сот ишти качан карай турганы азырынча белгисиз.

Боршайком 6-июлдагы жыйынында жасалма диплом чырына байланыштуу Жогорку Кеңештеги «Альянс» фракциясынан депутат Фарходбек Алимжановду жана «Ата журт — Кыргызстан» фракциясынан Фархат Исмаиловдун каттоосун жокко чыгарды.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин тапшырмасы менен билим берүү министрлигинде аты аталган депутаттардын дипломунун мыйзамдуулугун текшерүү боюнча комиссия түзүлгөн.

Комиссиянын маалыматына караганда, жогорку билими тууралуу диплом Фарходбек Алимжановго ченемдик укуктук актыларды одоно бузуу менен берилген, анткени ал 2012 жана 2015-жылдары өлкөдөн тышкары жүргөндүктөн экзамендерди кайра тапшыра алган эмес, муну Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалыматы да тастыктайт.

Ал эми «Ата журт — Кыргызстан» фракциясынан депутат Фархат Исмаилов Кыргыз улуттук университетинин «бухгалтердик эсеп жана аудит» адистигине кабыл алынган студенттердин катарына катталган эмес.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM