Connect with us

Үч адамдын өлүмүнө шектүүнүн иши райондук сотто карала баштады

Кыска кабар | 11 Июл 2023 | 677 | 0

Бүгүн, 11-июлда Бишкектин Октябрь райондук сотунда эне жана эки баласын мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип кармалган жарандын иши карала баштады.

Отурумга судья Надырбек Токтосунов төрагалык кылууда. Шектүү Чынтемир Ашыралиев конвойдун коштоосунда алып келинди. Айыпталуучунун жактоочусу ишти жабык кароону өтүндү, бирок судья бул өтүнүчтү канааттандырган жок.

Быйыл февралда мыкаачылык менен адам өлтүрүү фактысы боюнча Кадамжай районунун 37 жаштагы тургуну кармалган.

Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин батиринен шаар тургунунун жана анын эки жашы жете элек баласы — 2005-жылы туулган кыз менен 2016-жылы туулган баланын жансыз денелери табылган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM