Connect with us

ИИМ: Ишкерди уурдоого шектелгендер кармалды

Кыска кабар | 7 Июл 2023 | 550 | 0

Ишкерлик менен алектенген 46 жаштагы жаранды уурдоого шектелип үч жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 7-июлда кабарлады.

Ушул жылдын 22-июнунда Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Бишкектин тургуну арыз менен кайрылып, тууганын кечинде белгисиз адамдар күч колдонуп, BMW X-5 үлгүсүндөгү унаага салып кетишкендигин айткан.

Топтолгон документтердин негизинде 23-июнда Сокулук РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Адам уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Белгисиз бирөөлөр көчөдө келе жаткан жаранга өздөрүн күч түзүмдөрүнүн кызматкери катары тааныштырып, аны унаага салып кетишкен. Шектүүлөр ишкерден акча талап кылуу максатында уурдашкан.

Видеобайкоо камераларынын жардамы менен унаанын мамлекеттик номуру аныкталган. Бирок чет элдик унаа бир жума мурда башка адамдарга сатылып кеткен. Жергиликтүү милиция кызматкерлери унааны конуштардын биринен табышкан.

Кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган А.Б., 2000-жылы туулган А.уулу К. жана 2000-жылы туулган Б.уулу Ш. кармалган.

Учурда соттун чечими менен кармалгандар эки айга камакка алынды, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM