Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги айт намазга тапанча менен келген жаран кармалды

Кыска кабар | 28 Июн 2023 | 350 | 0

Бүгүн, 28-июнда Бишкек шаарындагы эски аянтта окулган Курман айт намазына травматикалык тапанча көтөрүп келген 33 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эски аянтка текшерип өткөрүү үчүн орнотулган көзөмөл өткөрмө пункттардын биринде 1990-жылы туулган Э.А. аттуу жарандан газ-травматикалык тапанча табылган, ал чечим кабыл алуу үчүн Биринчи май райондук милициясынын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Бул факт Биринчи май райондук милициясында каттоого алынып, шектүү милицияга жеткирилди.

Милициядан белгилешкендей, аталган жаранда травматикалык тапанчаны сактоого гана уруксаты болгон. Окуянын чоо-жайы териштирилүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM