Биз менен байланышыңыз

Кытайдан келген дарыгерлер Бишкекте жатын рагын акысыз текшерет

Ден соолук , Коом | 27 Июн 2023 | 1370 | 0

Кыргызстанда жатын моюнчасынын залалдуу шишиги менен ооругандардын 40%ы өтө кеч аныкталат. Мындай учурда бейтапты толук айыктырууга мүмкүн болбой, илдеттен көз жумган аялдардын саны жылдан жылга өсүүдө.

Ушуну эске алуу менен Кытайдын дарыгерлери Кыргызстанга келип, аялдарды текшерүүдөн акысыз өткөрө турган болду. Бул демилге «Бир алкак— бир жол» долбоорунун алкагында ишке ашырылып жатат.

Аялдар арасында жатын моюнчасынын рагы менен эмчек рагы кеңири жайылган.

Расмий маалыматтарга ылайык, жатын рагына жыл сайын 600 аял чалдыгат, болжолдуу 300 аял каза табат. Ооруга чалдыккандардын көбү дарыгерге илдет өтүшүп кеткенде кайрылат. Бул тууралуу клиникалар тармагынын негиздөөчүсү Айнура Сагынбаева билдирип, кайрымдуулук долбоорунун максатына токтолду.

Ал дүйнөлүк статистикада жатын моюнчасынын залалдуу шишиги бардык онкологиялык оорулардын арасында төртүнчү орунду ээлей турганын, Кыргызстанда бул көйгөй курчуп жатканын белгиледи.

«Кыргызстанда жатын моюнчасынын рагы — аялдар арасындагы онкологиялык оорулардын ичинен эң көп жайылган оору. Өлүмдүн деңгээли дээрлик 50%ды түзөт. Өлүмдүн жогорку деңгээли илдетти кеч аныктоого жана дарыгерге кеч кайрылууга байланыштуу. Маселенин баары калктын ооруга чалдыкканы тууралуу маалыматы жогунан келип чыгат.

Оору өтүшүп кеткен болсо, бейтапты сактап калуу абдан кыйын. Мен аялдар менен тыгыз иштешкендиктен, сапаттуу медициналык текшерүүдөн өтүүгө баарынын эле мүмкүнчүлүгү боло бербей турганын жакшы билем. Ошондуктан биз жатын моюнчасы рагын эрте аныктоо үчүн акысыз скринингдерди адатка айлантуу зарыл деп эсептейбиз жана бул багытта биринчи кадамды жасоону чечтик».

Кытайдан келген дарыгерлер аялдардын жатын моюнчасынын рагын эрте аныктоо үчүн акысыз текшерүүнү Бишкекте 3-июлдан 15-июлга чейин өткөрөт.

Акысыз скринингдик текшерүү Ахунбаев көчөсү, 127 дарегиндеги клиникада жүргүзүлөт. Бул тууралуу медициналык борбордун башкы директору Таалай Буланбеков маалымдады.

«Профессорлор Кыргызстанга аялдардын жатын моюнчасынын рагын аныктоо жана дарылоо боюнча улук онкологдор, гинекологдор менен тажрыйба алмашуу үчүн келишкен. Текшерүү акысыз болот. Каалоочулар көрсөтүлгөн күндөрү (3-июлдан 15-июлга чейин) саат 9:00дөн 18:00гө чейин келип, текшерүүдөн өтүп кетсе болот. Скрининг процедурасы болжол менен 10 мүнөткө созулат. Ошентип, дарыгерлер бир күндө кезек менен 100дөн ашык аялды кабыл ала алышат.»

Профессор Чын Вынжун Кытайдын бардык ооруканалары колдонгон жатын моюнчасынын рагын аныктоо жана дарылоо боюнча клиникалык протокол иштеп чыккан. Эми ал Кыргызстанга келип, тажрыйба алмашуу менен биргеликте аялдардын арасында бул ооруну алдын алууга шарт түзүлөрү айтылды.

«Медициналык көпүрө» ЖЧКсынын негиздөөчүсү Айбулак Жумак кошумчалагандай, бул кайрымдуулук долбоор «Бир алкак— бир жол» демилгесинин алкагында ишке ашырылып, толугу менен Кытай тарап каржылоодо. Келечекте долбоорду кеңейтүү пландалып жатат.

«Долбоорду ишке ашырууда бүгүнкү күндө Кыргызстанда жок болгон Кытайдан заманбап аппараттарды жеткирүүдө кыйынчылыктар жаралды. Профессорлор мындай жабдууларды келгенге чейин алдын ала жөнөткөндүктөн ишти өз убагында баштайбыз. Долбоорду кеңейтүү үчүн ар кандай жабдуулар талап кылынат, бирок документтештирүү процедуралары татаал болгондуктан ишти артка тартат. Кыска убакыттын ичинде биз жакшы натыйжаларга жетебиз деп ишенем жана бул багытта мындан ары да кызматташууга даярбыз».

Онколог-гинекологдордун 2018-жылы жарыялаган изилдөөсүнө ылайык, аялдар арасында жатын моюнчасынын рагы күч алып жатканы, андан каза тапкандардын саны өсүп жатканы белгиленген.

Саламаттык сактоо министрлигинин эсебинде, жатын моюнчасынын рагына 15 жаштан 45 жашка чейинки кыз-келиндер чалдыгууда.

Copyright © 2017 Maral FM