Биз менен байланышыңыз

Ошко Өзбекстандын туроператорлору келди

Кыска кабар | 26 Июн 2023 | 300 | 0

Ош шаарына маалыматтык тур иш-чарасына катышуу үчүн коңшу Өзбекстандын Анжиян, Наманган, Фергана облустарынын туризм башкармалыгынын жетекчилери, туристтик операторлор жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү келишти.

Аларды президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, шаар мэриясынын аппарат жетекчиси Азат Кубатбек уулу жана «Мундуз турист» туристтик компаниясынын жетекчиси Умардин Есиддинов тосуп алышып,  туризм боюнча аткарылып жаткан жумуштар, өнүктүрүү багыттары боюнча сүйлөшүштү.

Жолугушуунун алкагында «Дестинация Ош» туристтик бирикмесинин өкүлү тарабынан Ош жергесинин туристтик потенциалы жөнүндө презентация жасалды.

Эки  күндүк иш сапар алкагында Ош шаарынын жана облусунун Алай өрөөнүнүн туристтик жайлары, жаратылышы менен таанышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM