Connect with us

24-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 23 Июн 2023 | 330 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 24-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33,

Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30,

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +30…+35,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30,

Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +24…+29.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +29…+31 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM