Биз менен байланышыңыз

«ЖРТда жогорку упай алгандардын бири экенимди акыркылардан болуп уктум»

Блог | 23 Июн 2023 | 1879 | 0

Ош шаарындагы «Сема Кембриж» лицейинин бүтүрүүчүсү Муратбек Ажымаметов жалпы республикалык тестирлөөдө 225 упай алып, «Алтын сертификатка» ээ болгон окуучулардын катарына кирди.  Бул Муратбектин бийик максаттарынын бири болгон. Учурда билимин Түштүк Кореядагы алдыңкы окуу жайлардын биринде улантуу алдында турат. Тестирлөөгө даярдануу кандай жүрдү, аны шыктандырган эмне болду? Бул суроолорго жооп алуу үчүн Муратбек Ажымаметов менен маектештик.

— ЖРТда эң жогорку упай алганыңды качан уктуң, сага ким кабарлады?

— «Алтын сертификат» алган окуучулар белгилүү болгон күнү досторум менен жаратылышка эс алууга чыгым кеткем. Телефонумду өчүрүп койгом. Кечирээк шаарга кайтып келе жатып телефонумду жандырсам, көптөгөн куттуктоолор келиптир. Биринчилерден болуп, ата-энемдин жазганын окудум. Мен башында ишенген жокмун. Анан ойлонуп, ата-энеме чалдым. Чалсам, алар мени куттуктап жатышты. Максаттарымдын бирине жеткеним үчүн абдан сүйүндүм.

— Үй-бүлөң кандай кабыл алды, эң биринчи кимге сүйүнчүлөдүң?

— Ата-энем мен үчүн абдан кубанычта болушту. Ата-энем менен сүйлөшкөн соң, байкем менен да сүйлөштүм. Ал да мени куттуктады. Сүйлөгөндөрүнөн сыймыктанып турганы билинди. Эжелерим менен да сүйлөштүм, бул кабар аларды да сүйүндүрдү. Ошол күнү жакындарым менен чогуу майрам уюштурдук. Эртеси күнү да мени куттуктагандар көп болду. Баары жакшы каалоо-тилектерди айтышты. Өзүм эч кимге сүйүнчүлөгөнгө жетишпей калдым, анткени акыркылардан болуп уктум.

— ЖРТга кантип, канча убакыт даярдандың?

— Жалпы республикалык тестирлөөгө 2022-2023-окуу жылынын башталышында даярданууга өттүм. Ага көп мугалим жардам берди. Тестирлөөгө даярданып жүрүп, бир топ дос таптым. Алардын да жардамы тийди, баарына ыраазымын. Менде математика сабагынан кыйынчылыктар жок болгондуктан, көбүнчө орус тилине даярдандым. «Аналогия жана окуп түшүнүү» бөлүмдөрүн тез эле өздөштүрдүм. Көбүнчө орус тилинин грамматикасынан кыйынчылыктар болду. Бирок жакшы даярданып, жыйынтыгы жакшы чыкты.

— Тестти тапшырып бүткөндөн кийин «жогорку упай алам» деген сезим болду беле?

— Тест тапшырып чыккандан кийин досторум менен жолуктум. Айрымдарынын маанайы жок болсо, кээ бири кадимкидей эле маанайда болушту. Алар менден «Жогорку балл алам деген сезим болдубу?» деп сурашты. Ошол убакта жакшы сезим болуп турган. «Бир болсо максатыма жеттим» деп ойлодум. Ал эми досторума баары жакшы болгонун айткам. Бирок аларга мындай жооп жаккан жок. Андан кийин да суроолорду берип башташты. Такыр жооп берген жокмун. Жооп бербегенимдин себеби бар. ЖРТ жөнүндө сүйлөшкөн сайын өзүмдү жаман сезе бердим. Ошондуктан жыйынтык чыкмайынча, ал жөнүндө сүйлөшпөөгө аракет кылдым.

— Өзүң, үй-бүлөң жана мектебиң тууралуу айтып берсең?

— Мен Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл аймагынан болом. Жети бир тууганмын. Эки агам, эки эжем жана эки карындашым бар. Атам да, апам да мугалим. Кичинекей кезимден окууга кызыктырышкан. Оштогу «Сема Кембриж» лицейинин бүтүрүүчүсүмүн. Ал жерде 7-класстан бери жатып окуйм. Лицейдин мугалимдери өз ишин жакшы аткарышат. Жатаканадагы тартипти тарбиячылар карайт. Алардын иши оңой эмес, себеби балдардын баарын карап жүрүшү керек. Лицейимди аябай жакшы көрөм жана берген билимине ыраазымын. Анткени лицейсиз мындай жыйынтыкка жетмек эмесмин.

— Эми кайсы окуу жайга тапшырайын деп жатасың? Кандай кесиптин ээси болгуң келет?

— Түштүк Кореядагы Guangzhou Institute of Science and Technology деген окуу жайга тапшыргам. Ал жерден бакалавриатты бүтүрөм деген пландар менен кетип жатам. Ал жакта көбүнчө инженердик кесиптерди окутат. Келечекте инженер болгум келет. Кичинекей кезимден бери көп нерселер кантип иштээрине, ичинде эмне барына кызыгат элем. Мектепте математикага аябай кызыккам. Бул кесипти тандоомо себеп болду. Ата-энем да ушул кесипти тандаганымды колдошот. Ошондуктан бул кесип — мага дал келген кесиптердин бири.

 

 

Кыргыз тилдүү мектептердин ЖРТдан аз упай алып жатканы талкууга айланды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM