Биз менен байланышыңыз

Кыргыз тилдүү мектептердин ЖРТдан аз упай алып жатканы талкууга айланды

Билим-маданият , Коом | 21 Июн 2023 | 4450 | 0

Кыргызстандагы мектеп бүтүрүүчүлөрү арасында өткөн жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы чыгып, жогорку упай топтоп, «Алтын сертификат» алуу укугуна ээ болгон 54 окуучунун тизмеси жарыяланды. 

Алардын 39у орус тилдүү мектептин, 10у аралаш билим берген мектептердин, 5и кыргыз тилдүү мектептердин бүтүрүчүүлөрү экени коомдо талкууга жем таштап, түрдүү пикирлер айтылууда. Маселенин түпкүрү эмнеде?

Алгач кайсы аймактан канча абитуриент жалпы тестирлөөдөн жогору балл алганын айталы:

Бишкек шаарынан – 39, Ош шаарынан жана Ош облусунан – 4, Чүй облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 2, Нарын облусунан – 2, Баткен облусунан – 2, Талас облусунан – 2, Жалал-Абад облусунан – 1 окуучу «Алтын сертификат» алат. Ага илингендердин ичинен 11 бүтүрүүчү эң аз — 223 упай топтогон.

«Алтын сертификаттын» ээлери жалпы 54, анын ичинен беш окуучу гана кыргыз тилдүү мектептердин бүтүрүүчүлөрү экени байкалды.

Орус тилинде билим берген мектептер менен кыргыз тилдүү мектептердин окуучулары ортосунда ажырым бар экени мурдатан айтылып келген. Бул көрүнүш кайрадан талкууга чыкты.

Билим берүү маселелери боюнча адис Бакытбек Абдуллаев жалпы республикалык тестирлөөгө катышкандар жана даярдоо курстарынын ээлери суроолор кыргыз тилине сөзмө-сөз которулуп берилерин көтөрүп жатканын белгилейт. Адис маселенин чечүүнүн жолдорун мисал келтирди.

«Биз көңүл бура турган маселе: айылдагы жана шаардагы мектептердин ортосундагы ажырым. Шаарларда ЖРТга даярдануу мүмкүнчүлүгү жогору, себеби ресурстар бар. Ал эми айылдагы мектептерде бир-эки гана ресурс болуп, даярдай турган мугалимдер аз. Кыргыз тилдүү мектептердин методикасын өзгөртүп, мугалимдерди окутуу зарыл».

Жалпы республикалык тестирлөөгө окуучуларды даярдаган мугалим Нуркалый Масалбеков тесттин суроолору илимий негизде жазылганы үчүн орусчадан кыргызчага татаал которулуп,  окуучуларга түшүнбөй, кыйналып жатканын белгиледи.

«Тесттин суроолору өтө деле оор эмес. Бирок  бардык сабактар кошулуп, аралашып, илимий негизде түзүлгөнү үчүн кыргызчасы алда канча кыйыныраак болуп жатат. Кээ бир учурда орусчадан түзмө-түз которулган суроолор келип калууда. Ошол себептен балдарга кыйынчылыкты туудурду. А бирок статисткасын карай турган болсок, жылдан-жылга суроолор жеңил болуп келе жатат. Окуучулардын сынактан кийин чыгып айтуусу боюнча жеңил эле болгон, бирок алган упайларын байкасак, андай эмес болгондой сезилди. Анткени бизде талаштуу эрежелер көп, кыргыз тилиндеги эрежелер бир нукка түшкөн эмес, мисалы, «кыргыз тилинде ушундай жазылат» деп айтылат, бирок ага каршы чыккан мыйзам, эрежелер көп. Ошонун баарын жоюу керек». 

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева «тесттин суроолору орусчадан кыргызчага түшүнүксүз которулган» деген дооматтарды четке кагат. Ал акыркы он жылда кыргыз тилине басым жасалып, суроолор которулбай, кыргыз тилинде түзүлөрүн маалымдады.

Анын айтымында, мындай көрүнүш жыл сайын болуп келе жатат. Быйыл кыргыз тилдүү мектептерден беш окуучу «Алтын сертификат» алганы, тескерисинче, жакшы көрүнүш.

«Биринчиден, бул 50дөн ашык окуучу Жалпы республикалык тесттин толук көрсөткүчү эмес. Бирок негизинен көп жылдан бери ушундай көрүнүш болуп келе жатат, бирок акыркы жылдардагы биздин отчётту карасак, мурда орус тилдүү мектептердин окуучулары тапшырганда көрсөткүчү мындан да жакшы болчу. Азыр кыргыз тилдүү мектептердин көрсөткүчтөрү алдыга озуп чыгып, орус тилдүүлөргө жетип келе жатат. Муну ЖРТ гана көрсөтпөйт, мисалы, «окуучулардын билимин баалоо жетишкендиктери» сыяктуу изилдөөлөр бар, анда да Бишкек шаарында орус тилдүү мектептер басымдуу бөлүгүн түзгөнгө караганда, өзгөчө гимназия мектептери, алар жогорку көрсөткүчтөрдү берип жатат. Ошонун эсебинен орус тилдүү мектептердин көрсөткүчтөрү салыштырмалуу жакшы болуп келген».

Анткен менен кыргыз тилдүү мектептердин биринин бүтүрүүчүсү Айжамал Сагынбекова буга чейин сынамык тесттерге катышып жүргөнүн, анда да ошол сыяктуу эле суроолор келгенин айтат. Негизинен тест өтө оор эмес, бирок татаал жана түшүнүксүз.

«ЖРТ жеңил эмес, оор эмес, орточо болду. Бирок «Аналогия» бөлүмүндө кыйынчылыктар болду, себеби сөздөрдү бири-бирине байланыштыруу оор болуп жатты. Башкалар болсо, «орусча жеңилирээк экен» деп айтып жатышты».

«Алтын сертификатка» 2020-жылы 53, 2021-жылы 58, 2022-жылы 57 окуучу ээ болгон.

Өлкөдө жыл сайын 40 миңден ашык окуучу жалпы республикалык тестирлөөгө катышат. Анын жыйынтыгына карап, жогорку окуу жайларга бюджеттик окууга кирүү мүмкүнчүлүгү болот.

«ЖРТда жогорку упай алгандардын бири экенимди акыркылардан болуп уктум»

Copyright © 2017 Maral FM