Connect with us

Үч өлкө жарандардын жеке маалыматтарын ич ара алмаша турган болду

Саясат | 22 Июн 2023 | 736 | 0

Кыргызстан Казакстан жана Орусия менен «жарандардын жеке маалыматын ич ара бөлүшүп туруу жөнүндө» макулдашууну ратификациялады. Тийиштүү мыйзамга Президент Садыр Жапаров кол койду.

Аталган документ кандай жол менен ишке ашат? Жарандардын жеке маалыматтарын башка өлкөлөргө берүү кооптуу эмеспи? 

Макулдашуу үч өлкөнүн тийиштүү органдарына адамдын жарандыгы, үч өлкөнүн биринин аймагында убактылуу жашоого уруксатынын, миграциялык каттоосунун, визаларынын, кыймылсыз мүлкүнүн, мүлк боюнча милдеттенмелеринин бар же жоктугу, кылмыш жообуна же административдик жоопко тартылган-тартылбаганы, жеке документтери тууралуу маалыматтар менен алмашып турууга мүмкүнчүлүк берет.

Министрлер кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Алмамбет Касымбековдун айтымында, мыйзамдын максаты жеке маалыматтарды алмашуу чөйрөсүндөгү административдик маселелер боюнча өз ара укуктук жардам жөнүндө макулдашууну ратификациялоо — мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

«Казакстанда, Орусияда иштеп жүргөн же сапар менен барган Кыргызстандын жарандарына ошол өлкөнүн кызматтарын алууга, мамлекеттик органдарына кайрылуусуна жеңил болот. Анткени эл аралык процедура боюнча карасак, жаран башка өлкөдөн бир документ, маалымкат же жөн эле маалымат алам десе, ошол өлкөнүн ыйгарым укуктуу органына кайрылып, алар башка мекемелер менен макулдашып жооп кайтаргыча эки-үч айга созулуп кетет, бул убакыт өткөнчө кайрылган жарандын маселеси актуалдуулугун жоготуп коюшу мүмкүн. Ошондуктан бул келишимдин негизги максаты ушул сыяктуу маселелерди, процедураларды жеңилдетүү болуп саналат».

Жарандардын жеке маалыматтарды алмашуусу ар бир өлкөнүн мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

Аталган макулдашууга үч өлкө 2020-жылдын 18-декабрында кол койгон. Аны Жогорку Кеңеш быйыл 25-майда ратификациялаган.

Казакстан да, Орусия да ратификациялоо ишин аяктаган.

Жети миллион калкы бар Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны ушу тапта чет мамлекеттерде эмгек миграциясында жүрөт, алардын көбү Орусияда жана Казакстанда.

Жогорку технологиялар паркынын директорунун орун басары Чубак Темиров жарандардын жеке маалыматтарын башка өлкөлөр менен алмашууну колдойт. Ал кыргызстандыктардын чет жакта тоскоолдуксуз жүрүүсүнө, иштөөсүнө жакшы мүмкүнчүлүк болот деп эсептейт. Мындай чечим өлкөнүн экономикасына жакшы натыйжа берерин мисал келтирди:

«Жакшы демилгелерди ишке ашыруу үчүн мамлекеттер бири-бири менен маалыматтарды бөлүшүп турушу зарыл. Бул өлкөнүн өнүгүүсүнө жакшы таасир тийгизет, мен буга позитив көз карашта карайм. Мисалы, бизде өнүккөн өлкөлөр менен маалымат алмашуу болгондо, «санарип көчмөн» деген макамды ошол өлкөлөргө да бергенге укуктуу болмокпуз. Андай мүмкүнчүлүк болбогондуктан, ал жарандар кайсы жактан, эмне максатта келгенин текшерүү өтө оор, маалымат жок, бул жерде маалымат алмашуу жакшы жардам берет. Эки мамлекет маалыматтарды бири-бири менен максималдуу түрдө бөлүшсө, ошончолук экономикалык жактан өсүү болуп, соода, ишкердик тармагына да жакшы таасир этет».

«Интернет саясатынын жарандык демилгеси» коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева кабыл алынган документтин юридикалык жактарын түшүндүрдү. Анын билдиришинче, азыр иштеп жаткан «Жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, жеке маалыматтарды башка өлкөлөр менен алмашуу боюнча жоболор жана ченемдер каралган. Бирок бул үчүн бир нече шарттар талап кылынарына токтолду:

«Биринчиден, биздин өкмөт макулдашууга кол коюуга чейин расмий түрдө биздин мыйзамдардын талаптарына ылайык, маалыматтарды коргоонун деңгээли жана шарттары жөнүндө ырасташы керек. Көп мамлекеттин арасында Кыргызстанда жеке маалыматтар жогорку деңгээлде корголот, ал эми ошол эле Казакстан менен Орусия буга анчейин олуттуу мамиле жасашпайт. Ошондуктан алар биздин талаптарга дал келиши шарт. Экинчиден, кимдин жеке маалыматтары башка өлкөгө бериле турган болсо, сөзсүз түрдө макулдугун бериши керек. Өкмөт ошого жараша ири көлөмдө жарандардын макулдугунун чогулта алабы же жокпу, ушул маселеге да көңүл буруу зарыл».

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эсен Өмүракунов мындай чечим Кыргызстандын инвестициялык климатын начарлатып, жарандардын Казакстан менен Орусияда иш жүргүзүүсүнө тоскоолдук жаралат деген ойдо.

Мындан сырткары ал документти кабыл алууну тездетүү Орусия менен Украинанын ортосундагы согушка байланыштуу деп божомолдоду.

«Аталган макулдашууга үч өлкө 2020-жылдын 18-декабрында кол коюшкан. Быйыл, үч жылдан кийин бул процесстер тездеп кеткени Орусия менен Украинанын ортосундагы согушка байланыштуу деп божомолдосок болот. Себеби, Орусия Мамлекеттик Думасы согушка киши таппай, «жеңилдик беребиз» деген чечимдерди бат-бат кабыл алуу жолу менен түрмөдө отургандарды тартууга өттү. Мындан сырткары Казакстан менен Кыргызстан Орусиянын оппозициялык маанайдагы активист, блогерлерин кармап өткөрүп берип жатпайбы, аны да ушул процесстерге байланыштуу деп эсептесек болот».

КМШнын Аткаруу комитетинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө аталган макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылышы жөнүндө билдирүүлөр Казакстандан жана Орусиядан келип түшкөн.

Макулдашуу кыргыз тараптан аталган жол-жоболор аяктап, аткарылгандан кийин гана күчүнө кирет.

Серепчилердин айтымында, эгер жарандардын жеке маалыматтары жакшы корголбой калса, ага жол берген мамлекет эмес, маалыматты алууга уруксат берген өкмөт жооптуу болот.

Copyright © 2017 Maral FM