Биз менен байланышыңыз

Мектепте 12 жылдык окутуу боюнча так чечим кабыл алына элек

Кыска кабар | 22 Июн 2023 | 502 | 1

Мектепте 12 жылдык окутуу боюнча так чечим кабыл алына элек. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу айтты.

Жогорку Кеңештин 22-июндагы жыйынында «Билим берүү жөнүндө» бириктирилген мыйзам долбоорлору каралууда.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери — Жогорку Кеңештин депутаттары. Ал Билим берүү жана илим министрлиги сунуштаган долбоор менен бириктирилген.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда билим берүүнү каржылоодо жогорку окуу жайларга жана мектептерге этап-этабы менен ваучердик системаны киргизүү, жеке бала бакчаларды ачууда лицензия берүү жагдайын жокко чыгаруу демилгеленген.

Депутат Адахан Мадумаров 12 жылдык окутуу боюнча так чечим кабыл алууга чакырды. Демилгечи депутаттардын бири Жанарбек Акаев айткандай, жаңы билим берүү мыйзам долбоорунда 12 жылдык окутуу системасы жөнүндө сөз жок.

Министрдин орун басары Абазбек улуу билдиргендей, 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө шарт жок. Коомчулукта да терс пикирлер көп.

12 жылдык окуу программасын киргүзүү Билим берүү жана илим министрлигин Алмазбек Бейшеналиев жетектеп турганда көтөрүлгөн. Бул система дүйнөнүн 136 өлкөсүндө иштей турганы, муну менен өлкөнүн билим берүүсүн дүйнөлүк стандартка ылайык келтирүү максаты коюлганы белгиленген.

1 пикир

1 пикир

  1. Ыманкул

    22.06.2023 20:36

    12 жыл эмес 11 жылга толук окубай кээ бир айылдарда 11- класстар жабылуу алдында турат. Эмне билим илим минстрлиги ушуну кантип билбесин. Жаңы жомок 12 жылдык окуу деген.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM