Биз менен байланышыңыз

Быйыл жол салууга жана оңдоп-түзөөгө 6 млрд сом бөлүнгөн

Кыска кабар | 21 Июн 2023 | 202 | 0

Быйыл Кыргызстанда жолдорду оңдоп-түзөөгө жана салууга 6 млрд сом каралган. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

Ал Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 84 бирдик атайын техниканы тапшырып жатып, Министрлер кабинети жол тармагын динамикалуу өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи.

«Бул жылы тармактык долбоорлорду ишке ашырууга бюджеттен 6 млрд сомдон ашуун каражат каралды. Жылдын аягына чейин республика боюнча 855 чакырым жолду куруу жана оңдоо пландаштырылган, алар 587 чакырымга асфальт төшөө, 178 чакырымга жолду тегиздөө (ШПО) жана 90 чакырымга шагыл төгүү иштери жүргүзүлөт», — деди Төрөбаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM