Биз менен байланышыңыз

«Салык чек» лотереясынын биринчи туру жаңы форматта өткөрүлөт

Кыска кабар | 21 Июн 2023 | 1612 | 0

26-июндан 1-июлга чейин Мамлекеттик салык кызматы «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясынын биринчи турун өткөрөт.

Мекемеден билдиришкендей, биринчи этаптын фондунда 1183 баалуу байге: 10 электромобиль, Дубайга эки кишилик 3 жолдомо, 500 iPhone-14, 500 смартфон, 150 ноутбук жана «Дайсон» маркасындагы 20 фен бар.

26-июндан 30-июнга чейин Салык кызматынын Facebook баракчасында жана YouTubе каналында түз эфирде 1170 лотерея ойнотулат. Күн сайын 234 адам баалуу байгенин ээси болушат.

Негизги иш-чара 1-июлда «Ала-Тоо» аянтында болуп, анда 10 электромобиль жана чет өлкөгө 3 жолдомо коюлат.

Утуш оюну кызыктуу шоу-программа, эстрада жылдыздары катышкан чоң концерт менен коштолот. Аянтта көрүүчүлөрдү жагымдуу белектер күтөт.

Лотереяга катышуу үчүн «Салык чек» тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүү керек. Товарларды же кызматтарды сатып алган сайын фискалдык модулу бар ККМдин кассалык чегин талап кылып, андан кийин аны тиркеме аркылуу сканерлөө керек.

Ар бир топтолгон 1000 сом үчүн 1 ID-номер ыйгарылат.

Муфтият: Салык кызматы ойноткон лотереялар шариятка каршы келбейт

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM