Биз менен байланышыңыз

Мүлктү легалдаштырууга жол ачкан мыйзам кабыл алынды

Кыска кабар | 20 Июн 2023 | 372 | 0

Президент Садыр Жапаров «Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Документ 2023-жылдын 4-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Министрлер кабинети мыйзамга ылайык, көмүскө экономиканы азайтуу үчүн легалдаштыруу өнөктүгү бир жылга созулуп, байлыгын ачыкка чыгаргандарга кылмыш иши козголбосуна кепилдик берилерин билдирген.

Президент Садыр Жапаров парламенттин 2022-жылы 30-июндагы жыйынында «Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу түрдө легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун пайдасын депутаттарга түшүндүрүп берген.

Ал Кыргызстандагы капчыктуу кишилер мүлкүн чет жактарда сактап жүргөнүн, бирок аны өлкөдөгү банктарга кайтаруу керектигин билдирген. Ал үчүн капиталды легалдаштыруу мыйзамы кабыл алынышы шарт деген.

Садыр Жапаров байлардын арасында бир тууганы же досу жок экенин, аларды колдоодон алыс экенин айтты. Мүлктү легалдаштыруу мыйзамы 2005-2008-2010-жылдары кабыл алынган, бирок чийки болгону үчүн иштебей келген.

«Капиталды легалдаштырууга багытталган мыйзамды сындап, бийлик байларды, мурдагы ичкен-жеген чиновниктердин акчасын адалдаштырып берип жатат деп айттыңар. Ооба, бизде 200дөн ашык бай бар, алардын арасында миллионерлер, миллиардерлер бар. Бирок алар акчасын чет өлкөлүк банктарда кармап жатышат. Чет жакта миллиондогон акчага завод-фабрика куруп жатышат. Өзүңүздөр билгендей, 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин колдон келишинче алдын 2 млрд, артын 100 млн долларга чейин бюджетке төктүрүп жатабыз. Бирок дагы деле чет өлкөдө катып жаткан байлыктары көп. Мыйзамдын максаты, ошол катылып жаткан акчаны Кыргызстанга алып келип, легалдаштырып, банктарга салса, өз банктарыбыз пайда көрөт, жумуш орундары түзүлөт», — деди Жапаров.

Мыйзам долбоору тууралуу толук маалымат бул шилтемеде.

Copyright © 2017 Maral FM