Биз менен байланышыңыз

21-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 20 Июн 2023 | 330 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 21-июнда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарла жаан жаабайт.

Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: 

Чүй облусунда түнкүсүн +16…+2, күндүз +27…+32,

Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +27…+32,

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +31…+36,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28,

Нарын облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27.

Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +30…+32 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM