Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: Каркыра дарыясы жээгин жемирип, жайыт тарый баштады (видео)

Кыска кабар | 19 Июн 2023 | 537 | 0

Каркыра дарыясы Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында жайгашып, эки өлкөнү бөлүп турат. Дарыянын суусу ташып, кыргыз тараптагы жээгин жемирип, анын кесепетинен жайыттар тарый баштады. Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

16-июнь күнү министр Бообек Ажикеев, Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Уланбек Далиев, «Кадастр» ишканасынын Түп райондук бөлүмүнүн башчысы Темирбек Кендирбаев жана Каркыра айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Шерикбаев дарыя суусу жеп кеткен жерлерди көрүп чыгышкан.

Анда Каркыра дарыясынын суусу кыргыз тараптагы жээгин жеп, жайыттар кыскарып жатканы айтылды.

Мындан улам өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев эки өлкөнүн чек ара тилкесиндеги дарыянын жээгин бекемдөө иштерин баштоого чейинки документтик иштердин бүткөрүлүшүн тиешелүү кызматтарга тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM