Биз менен байланышыңыз

Министрдин орун басары жана «Кыргызкөмүрдүн» коммерциялык директору кармалды

Кыска кабар | 19 Июн 2023 | 281 | 0

Энергетика министрлигинин жана анын карамагындагы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын, «Ысык-Көл кемечилиги» жана Балыкчы шаарындагы жүктөөчү-түшүрүүчү пункттун кызматкерлери Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборуна ташыла турган көмүрдү уурдоо фактысы боюнча сурак берип жатышат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

Тергөөнүн жүрүшүндө 2021-2023-жылдар аралыгында «Кара-Кече» көмүр кенинен Балыкчы шаарына чейин оор жүк ташуучу унаалар менен жеткирүү учурунда, андан кийин Балыкчыдан Бишкектин ЖЭБине темир жол аркылуу ташуу учурунда баасы кеминде 40 миллион сомдон ашык сумманы түзгөн 15 960,81 тонна көмүр уурдалганы аныкталган.

Анын кесепетинен борбор калаадагы ЖЭБдин иши үзгүлтүккө учурап, мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.

18-июнда УКМК тарабынан Энергетика министринин орун басары М.Ж., ошондой эле «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын коммерциялык директору А.С. кармалды.

Атайын кызмат энергетика тармагындагы коррупцияга каршы күрөшүү чараларын улантууда.

Энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпов экени белгилүү. Ал министрдин орун басары болуп, 2022-жылы ноябрда дайындалган. Ага чейин «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасын жетектеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM