Биз менен байланышыңыз

Мыкты мугалим жана тарбиячыны аныктаган республикалык конкурс өткөрүлүп турат

Кыска кабар | 15 Июн 2023 | 503 | 0

Кыргызстанда жыл сайын «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» республикалык конкурсу өткөрүлөт. Бул боюнча президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы чыкты.

Ал педагогикалык кесипти кеңири жайылтуу, мыкты мугалим жана тарбиячылардын алдыңкы инновациялык педагогикалык тажрыйбасын жайылтууну көздөйт.

Конкурстар республикалык бюджеттин жана президенттин фондунун каражаттарынын эсебинен өткөрүлөт. Ага мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин предметтик мугалимдери жана башталгыч класстарынын мугалимдери, жалпы билим берүү уюмунда мугалимдик кызматта иштегендер катыша алат.

Мындан тышкары мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячылары, методисттери, мугалимдер, музыкалык жетекчилер катыша алат.

«Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» сыйлыктары бир эле адамга кайра-кайра ыйгарылбайт. Конкурстардын жыйынтыктарын чыгаруу жана сыйлоо аземи мугалимдер күнүнүн алдында 5-октябрда өткөрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM