Биз менен байланышыңыз

Равшан Жээнбековдун жубайы камакта калтырылды

Кыска кабар | 15 Июн 2023 | 346 | 0

Бишкек шаардык соту 14-июндагы чечими менен абактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаеваны камакта калтырды. Буга чейин райондук сот аны эки айга камакка алуу боюнча чечим чыгарган.

25-майда Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Жактоочунун маалыматына караганда, Алимбаева «коррупция» беренеси менен айыпталууда.

Равшан Жээнбеков Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Ал былтыр 23-октябрда «массалык башаламандык уюштуруу» беренесинин негизинде отузга жакын саясатчы, жарандык активисттер менен чогуу камалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM