Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдүн тургундарынын пляждарга баруусу боюнча жарлыкка өзгөртүү киргизилди

Кыска кабар | 14 Июн 2023 | 1722 | 0

«Ысык-Көл облусунун тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө» Жарлыкка өзгөртүүлөр киргизилди.

Ага ылайык, Ысык-Көлдүн пляж аймактарына жарандардын эркин кирүүсүнө тоскоол болгон тосмолорду (дубалдарды, торчолорду, темир торлорду) демонтаждоо каралган, ошондой эле аларды мындан ары курууга тыюу салынат.

Министрлер кабинети зарыл болгон уюштуруучулук, финансылык жана башка чараларды көрөт.

Президент «Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө» Жарлыкка 2022-жылы 13-майда кол койгон.

Ага ылайык, 2022-жылдын 1-июлунан тарта Ысык-Көлдүн тургундары пляж аймактарына тоскоолдуксуз кире башташкан.

Менчигинин түрүнө карабастан санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, коттеждик конуштардын аймагында жайгашкан пляж аймактарына тоскоолдуксуз кирүү камсыз кылынары айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM