Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчынын эки орун басары шайланды

Кыска кабар | 14 Июн 2023 | 183 | 0

Жогорку Кеңеш 14-июндагы жыйынында акыйкатчынын эки орун басарын шайлады. Алар Шухрат Айтиев менен Айчүрөк Назаралиева.

Ушул эле күнү омбудсмендин орун басары Альберт Колопов кызматтан алынды.

48 жаштагы Айчүрөк Назаралиева КУУнун юридикалык факультетин аяктаган. Соода-экономикалык колледжинде жана Улуттук университетте сабак берген, жеке компанияларда жана коомдук фонддо юрист, 2007-жылдан бери Жогорку Кеңештин аппаратында, Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетте эксперт болуп иштеген.

Шухрат Айтиев 1984-жылы туулган. Ош мамлекеттик университетинин психология факультетин жана Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Кара-Көл шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын башкы адиси, “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фондунун менеджери, 2010-2021-жылдары Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы, парламенттик фракциянын катчылыгынын кызматкери болгон.

17-майда Кыргызстандын акыйкатчысы алмашып, Жогорку Кеңеш Атыр Абдрахматованын ордуна Жамиля Жаманбаеваны шайлаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM