Биз менен байланышыңыз

Жаратылышты өнүктүрүү фондунда коррупциялык схема аныкталды

Кыска кабар | 14 Июн 2023 | 198 | 0

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Жаратылышты өнүктүрүү фондунда коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

Маалыматка караганда, фондго 2021-жылдан азыркы учурга чейин «Кумтөр голд компани» жабык акционердик коому жыл сайын 3 млн 700 миң доллар (325 млн сом) бөлүп турган. Үч жылда жалпысынан 976 млн 800 миң сомго жакын акча берилген.

Фонддун директору К.Ж.Т. (Калимбетов Жеңиш) түшкөн акчанын эсебинен «жаратылышты колдоо долбоору» деген шылтоо менен ар кандай уюмдарга 400 млн сомдон ашык акча чегерген, бирок иш жүзүндө анын баары жеке бизнеске жумшалып кеткени аныкталган.

Андан тышкары экологиялык жана башка экспертизалардан өтпөгөн, максаты аныкталбаган долбоорлорго негизсиз акча которуп, анын эсебинен үстөк пай алып турган.

Айтылган фактылардын негизинде Жаратылышты өнүктүрүү фондунун директору К.Ж.Т. УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

«Жаратылышты өнүктүрүү фонду» — айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты коргоо менен байланышкан социалдык, кайрымдуулук, маданий-агартуу жана башка коомдук пайдалуу коммерциялык эмес максаттарды көздөгөн, мамлекеттик эмес каражаттардын эсебинен түзүлгөн юридикалык жак.

УКМК иштин бардык жагдайларын, бул коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдарын жана башка адамдарды аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM