Биз менен байланышыңыз

Куткаруучуларды сыйлоо аземи өттү

Кыска кабар | 14 Июн 2023 | 118 | 0

Бүгүн, 14-июнда куткаруучуларды сыйлоо аземинде президент Садыр Жапаров Түркиядагы жер титирөөдө куткаруу иштерине катышкан кыргызстандык жарандардын эмгегин белгиледи.

Быйыл февралда болгон зилзалада кыргызстандык куткаруучулар 15 күндө урандылардын алдынан жалпы 8 адамдын өмүрүн куткарып, 198 адамдын сөөгүн чыгарышкан.

Жапаров мындан тышкары, Ысык-Көлдү тазалаган суучулдарга да ыраазычылык билдирди.

«Жалпы кыргызстандыктар жөн жата албай, колдон келген жардамдарын чогултуп, түрк боордошторго байма-бай жолдоп жатышты. Бүгүнкү күндө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдына коюлган милдеттерди жогорку деңгээлде аткарып жатканына күбө болуудабыз. Министрликтин эл аралык деңгээлдеги аброю өсүп, жыл сайын ондогон өлкөнүн тоо куткаруучулары менен суучулдары өлкөбүздүн арча-карагайлуу тоолоруна, кыргыз бермети – Ысык-Көлгө келип, биздин адистерден окуп үйрөнүп, тажрыйбасын жогорулатып кетишет.

Ошол Ысык-Көлүбүздүн экология темасын улай турган болсок, бул жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары көл түбүндөгү таштандылардан жана браконьерлердин балык уулоочу торлорунан тазалоо ишин колго алышты.

Суучулдарыбыз иштин оордугуна карабастан 4 айга жетпеген убакыт ичинде 96 000 метрге жакын тор, 6 тоннага жакын таштандыны чыгарышты. Бул иш учурда да уланып жатат», — деди Садыр Жапаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM