Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндөр кармалды

Кыска кабар | 14 Июн 2023 | 493 | 0

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү каналы аныкталды. Бул тууралууу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен маалымдашты.

Ушул жылдын 3-июнунда Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы «Кум» чек ара тилкесинде Кыргызстандан Өзбекстан тарапка чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган Бангладеш өлкөсүнүн 4 жараны жана Өзбекстандын 1 жараны кармалды.

Ошол эле убакытта 1994-жылы туулган Өзбекстандын жараны М.Н.Р. жогоруда айтылган чет элдик жарандарды Өзбекстандан Кыргызстанга мыйзамсыз өтүүгө көмөк көрсөтүүгө аракет кылганы аныкталып, кармалды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM