Биз менен байланышыңыз

Бишкекте газондорду сугаруу үчүн алты скважина курулат

Кыска кабар | 14 Июн 2023 | 244 | 0

Бишкек шаарынын суусу аз аймактарындагы газондорду сугаруу үчүн алты скважина куруу пландалууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, жаңы скважиналар Профсоюз менен Нарва, Толстой менен Логвиненко, Жайыл Баатыр менен Чортеков, Ахунбаев менен Көк-Жаңгак, Ауэзов менен Анкара көчөлөрүнүн кесилишине жана Театр аянтына курулат.

Учурда Профсоюз көчөсүндө жаңы скважинаны бургулоо иштери башталды. 120 метр тереңдиктен чыккан суунун кубаттуулугу саатына 65 метр кубга (секундасына 17 литр суу чыгарат) жетет. Кудуктун арты менен Профсоюз көчөсүндөгү жолдун эки тарабы толук сугарылат.

Жогорку Кеңештин 8-июндагы жыйынында вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев Бишкекке сууну үзгүлтүксүз берип туруу үчүн кошумча «Баш-Кара-Суу» суу кампасынын жанынан төрт гектар жер, «Сельский» суу кампасынын жанынан 3 гектар жер, «Контррезервуар» суу кампасынан жанынан 4 гектар жер керек экенин айткан. Бир суу кампа курууга болжол менен 150 милилондой сом сарпталат, жалпысынан 500 миллионго жакын сом талап кылынат.

Талкуудан кийин суу кампа куруу үчүн 150 млн сом бөлүп берүү сунушу ЖК комитетинде колдоо тапкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM