Биз менен байланышыңыз

Адам кандай тамак-ашты жегенде ууланышы мүмкүн?

Блог | 13 Июн 2023 | 845 | 0

Күн ысыгандан тарта тамак-аштан уулангандар көбөйүп жатат. Уулануунун себептерин жана андан сактануу жаатында маалымат алуу үчүн Республикалык ден соолукту чындоо жана массалык коммуникация борборунун дарыгери Айзирек Галдыбаева менен маек курдук. 

Бат бузуулучу же бузулуп кеткен азыктардан жасалган тамак-ашты жегенде, суусундукту ичкенде адамдын ичине бактерия, вирус кирип, ал улам көбөйүп отуруп, организмди ууландырат. Айрыкча, күн ысыкта тазалык сакталбаган ашканалардан тамактануу өтө кооптуу. Уулануу тамак ичкенден кийин 30 мүнөт-6 саат аралыгында билинет.

Кандай учурда тамак-аштан уулануу мүмкүн?

Ууландыра турган башкы себеп катары эки учурду атасак болот: биринчиси, эскирип, бузулуп кеткен азык-түлүктү колдонуу; экинчиси, кир кол менен тамактануу. Ошондой эле санитардык эрежелер сакталбаган жайлардан тамактанууда, жол боюнан ачык жайлардан жер-жемиш сатып алууда да этият болуңуз. Ачык жерде сатылган жер-жемиш же азыктар күндүн ысыгында туруп калгандыктан курамы өзгөрүп кетет да, адамды уулап коёт. Анан калса, унаалардан чыккан ар кандай уулуу заттар, кир-чаң сыяктуу нерселер сиңип калышы ыктымал. Аны менен катар ачык жерде сатылган тез татым тамактары да ууландырып коюшу мүмкүн. Үйдөн тамак жасаганда, чала кууруп же чала бышырып жегенден да организм ууланат.

Майонез кошулган салаттардан абайлаңыз

Майонез кошулган салаттар, сүт, балык, колбаса, кондитердик азык, шорпо, жумуртка сыяктуу азыктарды колдонуу да ууландырат. Көбүнчө эт, балык, тез татымдар жана колбасаларга кээ бир микробдор, сальмонеллёз, стафилококк, ботулизм таякчалары кирип кетип, азыктын бузулушуна алып келет. Тамак-аштан уулануунун 70%дан ашыгы оору чакыруучу козгогучтары бар азык-түлүктөн болот.

Уулануунун алгачкы белгилери

Уулануунун алгачкы белгилерине токтолсок, биринчи адамдын ичи бурап ооруйт. Андан кийин шалдырап, көңүлү айланып, кускусу келип, ичи өтөт. Мындан сырткары адамдын дене табы да көтөрүлөт.

Уулануунун алдын алуу үчүн:

  • Ысык аба ырайында азыктарды, жашылча-жемишти кылдат тандоо керек.
  • Сыртта тамактанууда кандай жерде сакталып жана жасалып жатканына, ошондой эле муздаткычка салынар-салынбасына маани берүү зарыл.
  • Сатып алган азык-түлүктөрдү сөзсүз түрдө муздаткычта мөөнөтүнө жараша сактоо абзел.
  • Бир күн мурун жасалган тамакты сөзсүз кайнатып ичүү керек.
  • Жемиштерди жегенден мурун тазалап жуу керек.
  • Ысыкта калып кеткен тамак-аштардан баш тартса болот.
  • Тойдон алып келген тамактарды, салаттарды эртеси жебеңиз.

Катуу ысыктан кантип коргонуу керек? Дарыгердин кеңештери

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM