Connect with us

Сауд өнүктүрүү фонду ипотекалык үйлөрдү салууга 100 млн доллар насыя берет

Кыска кабар | 13 Июн 2023 | 594 | 0

Сауд өнүктүрүү фонду турак-жайды каржылоого 100 млн доллар насыя берет. 12-июнда Жогорку Кеӊештин тармактык комитети Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы «Кыргыз Республикасында турак жайды каржылоо» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырды.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов белгилегендей, Сауд өнүктүрүү фонду «Кыргыз Республикасындагы турак жайды каржылоо» долбоорун ишке ашыруу үчүн 25 жылдык мөөнөткө 375 млн сауд риалы (100 млн АКШ доллары эквиваленти) өлчөмүндө насыяны жылдык 1,5% кредиттик комиссия менен 5 жылдык жеңилдетилген мезгил менен 25 жылдык мөөнөткө берет.

Программада 40 чарчы метрден 85 чарчы метрге чейин 3000 бирдик арзан турак жай куруу каралган. Долбоор 2028-жылдын аягына чейин бүтөрү күтүлүүдө.

«Мамлекеттик ипотекалык компания» тартылган финансылык каражаттардын оператору болот, жер участокторун берет жана «Менин үйүм 2021-2026» программасынын катышуучулары саналган Кыргызстандын жарандарына жеткиликтүү турак жайдын курулушун каржылайт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM