Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак чегинде жүк ташуучулардын кезеги пайда болду

Кыска кабар | 7 Июн 2023 | 177 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Бүгүн, 7-июнь саат 16:00гө карата кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек-автожол» жана «Кең-Булуң-автожол» өткөрүү пунктарында транспорт каражаттарынын кезеги көбөйдү. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Кең-Булуң-авто жол бекетинин алдында 110го жакын, ал эми Ак-Тилек-автожол постунун алдында 140ка жакын унаа кезекте турат.

Чек ара кызматы унаалардын кезеги дайыма болуп турган көрүнүш экенин жана бул Кыргызстандан сыртка айыл чарба продукциясынын экспортунун өсүшүнө байланыштуу экенин билдирди.

Тез бузула турган азыктарды ташыган жүк ташуучу унаалар кезексиз өткөрүлүүдө. Кыргызстан тараптан жүк ташуучуларга чек ара көзөмөлүнөн өтүүдө эч кандай чектөөлөр жок экени айтылды.

Айдоочулардан жана жүк ташуучулардан Чек ара кызматына даттануулар жана дооматтар түшкөн эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM