Биз менен байланышыңыз

Катар эмирине «Ала-Арча» паркында маданий программа уюштурулду

Кыска кабар | 7 Июн 2023 | 174 | 0

Кыргызстанга малмекеттик сапары менен келген Катар мамлекетинин эмири шейх Тамим бин Хамад ал-Тани 7-июнда президент Садыр Жапаров менен бирге «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында уюштурулган этномаданий программаны көрдү.

Президенттер кол өнөрчүлөр аллеясынан көчмөн элдин өзгөчөлүгү чагылдырылган боз үйлөрдүн инсталляцияларында кыргыз элинин улуттук каада-салттары, кол өнөрчүлөрдүн устаканаларда буюм-тайым жасоо учуру менен таанышып, улуттук тамак-аштардан даам татышты.

Этномаданий программанын алкагында меймандарга «Аталар изи» кыргыз улуттук кийимдер коллекциясынын көргөзмөсү тартууланып, бүркүтчүлөрдүн, жаачылардын жана тайганчылардын катышуусунда «салбуурун» оюну көрсөтүлдү.

Ошондой эле мамлекет башчылар Ч.Исабаев атындагы «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамблинин коллективинин аткаруусунда түрдүү жанрдагы чыгармаларды, эки өлкөнүн музыкаларын угушту.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM