Биз менен байланышыңыз

Башкы прокуратура: Ош-Баткен-Исфана жолун курууда 189 млн сом кымырылган

Кыска кабар | 7 Июн 2023 | 260 | 0
Ош-Баткен-Исфана унаа жолу

Башкы прокуратура жүргүзгөн текшерүүдө Ош-Баткен-Исфана жолун курууда 189 млн сом кымырылганы аныкталды.

Башкы көзөмөл органы билдиргендей, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан 2017-2021-жылдары Ош-Баткен-Исфана автожолунун 75-108 чакырымын реконструкциялоо долбоору боюнча подряддык компанияга 20 млн 136 миң 220 АКШ доллар которулганы аныкталган.

Бирок аталган министрликтин жооптуу кызматкерлери подряддык компания 189 млн 200 миң 223 сомдук ишерди аткарбаганына карабай, атайын банктык кепилдикти узартпай, жумуш аткаруу актыларын негизсиз кабыл алып, жолду мыйзамсыз эксплуатацияга киргизип, натыйжада мамлекетке 189 млн. 200 миң 223 сомдук зыян келтирилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Кылмыш-жаза кодексинин 337-(кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу), 245- (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) жана 346-беренелери (кызматтык жасалмачылык) менен иш козголуп, учурда тергөө жүргүзүлүүдө.

Кыргызстанда Ош-Баткен-Исфана жолу стратегиялык маанидеги жолдордун бири болуп эсептелет. Ал бир гана жеңил унаалар эмес, коңшу өлкөлөргө жүк ташуу үчүн да пайдаланылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM