Connect with us

Президент финансы жана экономика кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 7 Июн 2023 | 248 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда финансы жана экономика системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда финансы жана экономика системасынын кызматкерлеринин өлкө экономикасынын өсүп-өнүгүүсүнө кошкон салымынын маанилүүлүгүн белгиледи.

«Бул тармакта тынбай эмгектенген кесипкөй адистердин аракеттеринин жана жүргүзүлүп жаткан финансылык, экономикалык саясаттын аркасында акыркы жылдары экономикалык өсүштүн жогорку темпине жана бюджеттин мурун болуп көрбөгөн көрсөткүчтөрүнө жетише алдык. Мунун өзү эле сиздердин аракетиңиздердин элибиздин жашоо-турмушун жакшыртууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана калктын бакубат жашоосун камсыз кылууга түздөн-түз таасирин тийгизерин далилдеп турат», — деп айтылат маалыматта.

Президент ошондой эле өлкөнүн алдында ишкер чөйрөнүн активдүүлүгүн мындан да жогорулатуу, инвестиция тартуу, чакан жана орто бизнестин өнүгүп кетишине шарттарды түзүү аркылуу экономикалык өсүштүн жогорку темпин сактоо милдеттери тура тургандыгын белгилеген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM