Биз менен байланышыңыз

Бишкектин түштүк тарабында түнкүсүн ичүүчү сууну берүү чектелет

Кыска кабар | 7 Июн 2023 | 324 | 0

Бишкек шаарында таза суу тартыштыгынан улам «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы калаанын түштүк аймагына түнкүсүн суу берүүнү токтотот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

6-июндан тарта абал жакшырганга чейин чектөөлөр киргизилип жатат. Шаардын түштүк кичи райондорунда саат 23:00дөн 6:00гө чейин үйлөрдүн жогорку кабаттарына, «Ынтымак» жана «Ала-Арча» конуштарына таза суу берүү токтотулат.

Мэрия бул аргасыз чара экенин, анткени борбор шаарды туруктуу суу менен камсыз кылуу үчүн суу сактагычтарды толтуруу зарыл экенин билдирүүдө.

Чектөөлөр саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка стратегиялык маанилүү имараттарга таасирин тийгизбейт.

Бишкекте суу тартыштыгынан улам өткөн жумада көп көлөмдө суу керектелген жеке мончолор, унаа жуучу жайлар жана бассейндер убактылуу жабылган.

Мындан тышкары Арча-Бешик конушундагы жана Селекция, Салкын-Төр, Төмөнкү Орок, Сары-Өзөн, Плодовое жана Калтар айылдарына сууга убактылуу чектөө киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM