Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев Душанбе шаарында Тажикстандын эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу министри Гулнора Хасанзода менен жолугушту.
Кездешүү 6-июнда өтүп, анда кызматташтык, анын ичинде миграция чөйрөсү, Кыргызстан жарандарынын Тажикстанда жүрүүсү жана башка маселелер талкууланган.
Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп 2022-жылы апрелде дайындалган.
Ага чейин Кыргызстандын Германиядагы элчиси кызматын аркалап келген. 2012-жылдан 2018-жылга чейин тышкы иштер министри болгон.