Биз менен байланышыңыз

Караколдогу аэропортто эки жумушчуну темир басып каза тапты (видео)

Кыска кабар | 6 Июн 2023 | 223 | 0
Каракол шаарына салынып жаткан аэропорттун долбоору. Сүрөт Президенттин сайтынан алынды

Кечээ, 5-июнда Каракол шаарындагы жаңы аэропортто иштеп жаткан эки жумушчу кырсыктан каза тапты. Бул тууралуу «Маралга» маркумдардын жакындары кабарлап, тиешелүү жетекчилерге маалымат жеткирип коюубузду өтүнүштү.

Аэропорттогу металл конструкция үч адамды басып калган. Бирөө жеринде каза таап, бирөө жандандыруу бөлүмүндө эсине келбей көз жумган. Дагы бири оор жаракат алып, учурда Каракол шаардык ооруканасында жатат.

Айтылган маселе боюнча курулуш жетекчилери жоопкерчилик албай, күнөөнү жумушчулардын өздөрүнө коюп жатышканын айтышты жабыркагандардын үй-бүлөсү.

Маркумдардын жакындары мамлекет башчысы Садыр Жапаровго кайрылуу жасашып, бригадирлерди жазага тарттыруу боюнча тапшырма берүүсүн өтүнүштү.

Каза болгон маркумдар Ак-Суу районунун Жылдыз айылынан болушкан. Биринин артында бойго жете элек 4 баласы, экинчисинин артында 3 баласы калган.

Copyright © 2017 Maral FM