Биз менен байланышыңыз

Шашылыш билдирүү. 7-9-июнда күн катуу ысыйт

Кыска кабар | 6 Июн 2023 | 305 | 0

7-9-июнь күндөрү  абанын температурасы кескин көтөрүлөрүн өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40 градус ысык, Талас облусунда 33…38°ка чейин жогорулайт.

Мындай кургак ысык аба ырайы учурунда күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөө сунушталат. Сууну көбүрөөк ичип, ысык өткөрүп алуудан сак болуу керек. Жогорку кан басым, жүрөк оору менен жабыркагандар бул күндөрү сыртка жана сапарга чыгуудан баш тартып туруусу абзел.

Мындан сырткары  айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM