Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги Панфилов паркында аттракциондорго арзандатуу болот

Кыска кабар | 6 Июн 2023 | 137 | 0

Жайкы каникулдун башталышы менен Бишкектеги Иван Панфилов атындагы паркта атайын акция башталды.

Мэриянын маалыматына караганда, бардык жарандар үчүн, өзгөчө социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн арзандатуулар каралат.

Ар шаршемби күнү саат 10:00дөн 18:00гө чейин чоңдор жана балдар үчүн 50 сомдук бир жолку билет, ошондой эле аттракциондорго 80 сомдук билет алууга болот.

Акция жайдын аягына чейин уланат. Мэрия бардык аттракциондор техникалык кароодон өткөнүн билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM