Биз менен байланышыңыз

Бишкек – Ош унаа жолундагы кырсыктан 6 адам көз жумду

Кыска кабар | 6 Июн 2023 | 974 | 0

Бишкек – Ош унаа жолунун 178-чакырымында кырсык катталып, алты киши каза тапканы кабарланды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, «Тойота-Альфард» унаасы каршы тилкеге чыгып, «Мерседес» менен кагышкан.

Төрт адам кырсык болгон жерде, дагы экөө ооруканага бараткан жолдо көз жумган. Сегиз адам Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, эки унаадагы 14 адамдын төртөө 10 жашка толо элек балдар болгон.

Copyright © 2017 Maral FM