Биз менен байланышыңыз

Шайлоо: БШК дагы бир талапкер Улан Сариевдин каттоосун жокко чыгарды

Кыска кабар | 6 Июн 2023 | 208 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы Ленин округунан депутаттыкка талапкер Улан Сариевдин да каттоосун жокко чыгарды.

2-июнда БШКга УКМКнын Бишкек башкармалыгынан маалымат келип түшкөн, анда талапкер Сариев шайлоонун жүрүшүндө бир катар мыйзам бузууларга жол бергени айтылат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 28-майда өткөн Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо талапкер Улан Сариев добуш сатып алууга шектелгенин билдирген. Буга байланыштуу талапкерге Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 2-бөлүмү (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу)  менен иш козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө талапкер С.У.А. жана анын айланасындагылардын үгүт мезгилинде шайлоочуларды сатып алуу аракети көрүлгөнү, шайлоо фондуна кирбеген каржыны, административдик ресурсту пайдаланганы, шайлоочуларды добуш берүүчү жайларга ташыганы аныкталып, далилдер алынган.

УКМК иштин бардык жагдайын аныктоого аракет көрүп жатышканын, чогултулган материалдар Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлөрүн маалымдады.

Улан Сариев №26 Ленин округунан депутаттыкка талапкер болгон. Ал шайлоого катышкандардын 11,88%ынын добушун алган. Алдыда келе жаткан талапкер Дамира Ниязалиевадан кийинки экинчи катарда эле.

Дамира Ниязалиеванын каттоосун да Борбордук шайлоо комиссиясы жокко чыгарып, кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM