Биз менен байланышыңыз

Шайлоо: Талапкер Ниязалиеванын каттоосу жокко чыгарылды

Кыска кабар | 5 Июн 2023 | 968 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы 5-июнда Ленин району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиеванын каттоосун жокко чыгарып, кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди.

БШКга талапкер Дамира Ниязалиева добуштарды сатып алуу ыктымалдыгы тууралуу бир нече маалымат түшкөн.

Комиссиянын жыйынында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Чынарбек Майлыбеков талапкердин добуштарды сатып алуу фактылары тастыкталганын билдирди. Милиция Ниязалиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча БШКга кайрылуу жолдоду.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майда өткөн. Талапкер Дамира Ниязалиеванын штабында 29-майдын кечинде тинтүү жүргүзүлгөн. Борбордук шайлоо комиссиясына арыз түшүп, талапкер Дамира Ниязалиева тарабынан добуш сатып алуу аракети болушу мүмкүн экени кабарланган.

Материалдар текшерүү жана юридикалык баа берүү үчүн ички иштер органдарына өткөрүлүп берилип, тергөөгө чейинки текшерүү башталган. Анын алкагында эки киши кармалган.

Дамира Ниязалиева бул шайлоодо көпчүлүк добушка ээ болгон (35,83 пайыз).

Андан кийин дагы бир талапкер Улан Сариев да добуш сатып алууга шектелгенин УКМК билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM