Биз менен байланышыңыз

Эсептөө палатасы: Былтыр 46 млрд сомдон ашык каржылык бузуу аныкталды

Кыска кабар | 5 Июн 2023 | 165 | 0

Эсептөө палатасы былтыркы жылы жасалган аудитордук текшерүүлөрдүн отчётун жарыялады.

Баяндамадан маалым болгондой, Эсептөө палатасы жыл ичинде бюджеттик мекемелердин 1 666 түзүмдүк, ведомстволук бөлүмүнө 78 аудитордук текшерүү жүргүзгөн.

Иштин жүрүшүндө жалпы 46 млрд 101 млн 700 миң сомдук каржылык тартип бузуулар аныкталган. Булардын ичинен 15 млн 544 миң 300 сому калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, анын 7 млн 174 миң 800 сомунун орду толукталган.

Бюджеттик тартип бузуунун төмөнкүдөй түрлөрү далилденген:

  1. Бюджеттин долбоорлорун түзүүдө жана кароодо — 67 млн 8 миң сом;
  2. Бюджетти сарптоодо — 26 млн 666 миң сом (мунун 7 млн 800 миң 300 сому калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, анын 1 млн 116 миң 700 сомунун орду толукталган);
  3. Мүлк колдонууда — 6 млн 813 миң сом (мунун 4 млн 110 миң 500 сому калыбына келиши керек болсо, 3 млн 838 миң 300 сомунун орду толукталган);
  4. Эсептөөдө жана отчёт берүүдө — 9 млн 778 миң 900 сом (мунун 3 млн 92 миң 900 сому калыбына келиши керек болсо, 2 млн 45 миң 100 сомдун орду толукталган);
  5. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча — 1 млн 662 миң 500 сом (мунун 534 миң 600 сому калыбына келиши керек болсо, 174 миң 700 сомунун орду толукталган);
  6. Ченемдик-укуктук актылардын жана эл аралык макулдашуулардын ченемдеринин бузуу боюнча — 1 млн 113 миң 500 сом (мунун  500 миң 900 сому калыбына келиши керек болсо, 27 миң 300 сомунун орду толукталган).

Муну менен катар 18 мэриянын, 207 айыл өкмөттүн бюджетине аудит жүргүзүлгөн. Шаар жетекчилигинде жалпы 65 млн 300 миң сом каржылык бузуу болгону тастыкталган. Анын ичинен 7 млн 600 миң сому калыбына келиши керек болсо, 4 млн 400 миң сомунун орду толукталган.

Ал эми айыл өкмөттөрдө 239 млн 700 миң сомдук каржылык бузуу табылган. Анын 154 млн 300 миң сомунун орду толукталышы керек деп эсептелип, 81 млн 500 миң сомунун орду толукталган.

Эсептөө палатасынын буйруктарынын негизинде 37 кызматкерге тартиптик чара көрүлүп, 22 кызматкер ээлеген ордунан алынган.

Ошондой эле палата былтыр укук коргоо органдарына 14 млрд 900 млн сом, 84 миң доллар, 927 миң 500 евро каржылык бузуунун 89 материалы (прокуратурага 10 млрд 300 млн сом, 84 миң доллар, 927 миң 500 евро каржылык бузуунун 82 материалы; УКМКга 4 млрд 600 млн сом каржылык бузуунун 7 материалы) жөнөтүлгөн.

Укук коргоо органдарынан алынган маалыматка караганда, келип түшкөн материал боюнча:

  • 30уна кылмыш иш козголгон;
  • 6сы өндүрүштөн кыскартылган;
  • 6сы айыптоону көрсөтүү менен сотко жөнөтүлгөн;
  • 8и өндүрүштөн токтотулган;
  • 10 материал тергөөдө;
  • 13 материал боюнча иш козгоодон баш тартылган;
  • 7си башка кылмыштын материалдарына тиркелген.

Булардан тышкары 36 материал боюнча прокурордук чара көрүү актылары чыгарылып, жыйынтыгында 18 кызматкер жоопко тартылган, 3 материал боюнча прокуратура органдары тарабынан тиешелүү маалымкат түзүлгөн жана жазылган фактылар эске алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM