Биз менен байланышыңыз

Суу тартыштыгы: Бишкектеги мончо жана унаа жуучу жайлар качан иштейт?

Кыска кабар | 5 Июн 2023 | 347 | 0

Бишкекте бир ай аралыгында унаа жуучу жайларга, мончолорго жана бассейндерге суу колдонууда киргизилген чектөөлөр алынат. Бул тууралуу вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев бүгүн, 5-июнда өткөн брифингде билдирди.

«Биз унаа жуучу жайларды кыдырып, ээлери менен сүйлөштүк. Алар жагдайды түшүнүп, көптөгөн унаа жуучу жайлар суу тартыштыгы маалында иштерин токтотту. Абал турукташса, бардык чектөөлөр алынат», — деди Шамыралиев.

3-июнда суунун кескин тартыштыгына байланыштуу 15тей мончо жана унаа жуучу жай убактылуу жабылган.

Вице-мэрдин айтуусуна караганда, бүгүнкү күндө Бишкектеги унаа жуучу жайлардын дээрлик баары ичүүчү таза сууну колдонушат. Санитардык нормаларга ылайык, бассейндер ичүүчү сууну колдонсо, унаа жуучу жайлар техникалык сууну колдонушу керек.

Техникалык суу анча терең эмес скважиналардан чыгарылып, кылдат тазалоодон өткөрүлбөйт. Бирок бүгүнкү күндө унаа жуучу жайлар техникалык сууга кошулган эмес.

Бишкек шаары ичүүчү суу менен Орто-Алыш жана Ала-Арча жер астындагы суу кендеринин 37 суу алгычынан камсыздалат. Мэриянын маалыматына караганда, учурда Орто-Алыш суу алгычында жер астындагы суулардын статистикалык деңгээли 15 метрден 20 метрге чейин төмөндөгөн.

Калаа мэриясы 5-июнда жарандарды сууну үнөмдөп колдонууга чакырган билдирүү таратты.

Copyright © 2017 Maral FM