Биз менен байланышыңыз

Калысбек Боронбаев БШКнын мүчөлүгүнө талапкер болду

Кыска кабар | 5 Июн 2023 | 1383 | 0

Калысбек Боронбаев Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болууга талапкер катары көрсөтүлдү. Бул тууралуу Боронбаев «Маралга» тастыктады.

Анын талапкерлигин «Элдик» депутаттык тобу көрсөтүүдө. 6-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитети карайт жана андан кийин жалпы сессияда кароо сунушталат.

Калысбек Боронбаев көп жылдан бери мамлекеттик кызматтарда иштеп жүргөн. Кесиби юрист, экономист.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү кызматы Акылбек Эшимов кармалгандан кийин бошогон. Быйыл 11-майда Жогорку Сот БШК мүчөсү Акылбек Эшимовду ири өлчөмдөгү алдамчылыкка байланыштуу күнөөлүү деп тапкан.

Боршайкомдун мүчөлөрү беш жылга шайланат.

Буга чейин «Мекенчил» депутаттык тобу менен «Ата журт -Кыргызстан» фракциясы БШКнын мүчөлүгүнө Алтынбек Кубатбековдун талапкерлигин көрсөткөн.

БШКнын азыркы мүчөлөрү:

— Нуржан Шайлдабекова,

— Узарбек Жылкыбаев,

— Кайрат Маматов,

— Тынчтык Шайназаров,

— Абдыжапар Бекматов,

— Искендер Гаипкулов,

— Марс Наспеков,

— Анар Дубанбаева,

— Нурлан Койчукеев,

— Акбалык Жумалиева,

— Айдана Жупуева.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM