Биз менен байланышыңыз

Катар эмиринин сапары. Бишкек менен Чүйдөгү айрым көчөлөр жабылат

Кыска кабар | 5 Июн 2023 | 220 | 0

Бишкек жана Чүйдө 6-7-июнь күндөрү Катар мамлекетинин эмири мамлекеттик сапары менен Кыргызстанга келүүсүнө байланыштуу айрым көчөлөр мал-маал жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Кыймыл чектеле турган көчөлөр: 

— «Манас» эл аралык аэропортунун жолу Бишкек шаарына чейин;

-Жибек-Жолу көчөсү Фучик көчөсүнөн тарта чыгышты карай Жаш Гвардия бульварына чейин;

-Жаш-Гвардия бульвары түштүктү карай Жибек-Жолу көчөсүнөн тарта Чүй көчөсүнө чейин;

-Чүй көчөсү Жаш гвардия бульварынан тарта чыгышты карай Манас проспектисине чейин;

-Манас жана Ч. Айтматов проспектилери түштүктү карай «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейин;

-«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан тарта «Ала-Арча» эс алуу паркына чейин.

Милиция мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда жол жээктерине унаа калтырбоону, зарылчылык болбосо, оор жүк ташуучу унаалар менен жолго чыкпай турууну жана жалпы айдоочулардан жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол эрежелерин так сактоону өтүнөт.

Кыргызстанга биринчи жолу мамлекеттик сапар менен Араб өлкөлөрүнүн бири Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад ал-Тани келет.

Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдиргендей, сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров шейх менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Мамлекет башчылар кызматташтыктын учурдагы маселелерин, аны өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат.

Сапардын жүрүшүндө бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылууда.

Катардын эмири 5-6-июнь күндөрү Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барат. Анда өлкөнүн башчысы Шавкат Мирзиёев менен саясий байланыштарды өнүктүрүү жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулайт.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2022-жылы 21-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Катардын эмири Тамим бин Хамад ал-Тани менен жолугушкан.

Ошол эле жылы 18-декабрда Катар мамлекетине иш сапары менен барган.

Кыргыз Республикасы менен Катар мамлекетинин ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө протоколго 1998-жылдын 3-мартында кол коюлган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM