Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги турнир: Орозобек алтын үчүн, Эрназар коло үчүн күрөшөт

Кыска кабар , Спорт | 4 Июн 2023 | 296 | 0

Бишкек шаарында өтүп жаткан Кожомкул Каба уулу жана Раатбек Санатбаев атындагы дүйнөлүк рейтингдик мелдеште эркин күрөш боюнча 70 кг салмакта килемге чыккан эки кыргыз балбандын бири коло үчүн, бири алтын үчүн күрөшө турган болду.

Бирдей салмактагы Эрназар Акматалиев да, Орозобек Токтомамбетов да квалификациялык беттештен баштаган.

Эрназар Акматалиев алгачкы атаандашы өзбекстандык Зафарбек Отахановду 6:2 эсебинде, чейрек финалда казакстандык Еркебулан Чыныкулду 11:0 эсебинде утуп алды. Жарым финалда дагы бир казакстандык Сырбаз Талгатка 6:11 эсебинде жеңишти алдырып жиберип, коло медаль үчүн күрөшө турган болду.

Орозобек Токтомамбетов алгачкы атаандашы түркиялык Сервет Жошкунду 5:0 эсебинде, чейрек финалда иорданиялык Ортс Шамаил Таж Елдин Исаковду 11:0 эсебинде, жарым финалда индиялык Мулайм Ядавды 7:1 эсебинде жеңип алды.

Эми финалда Эрназар Акматалиевди уткан Сырбаз Талгат менен беттешет. Финалдык беттештер саат 18:00дө башталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM