Биз менен байланышыңыз

«Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзам боюнча Орусия үн катты

Кыска кабар | 2 Июн 2023 | 360 | 0

Жогорку Кеңеш кабыл алган «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамга байланыштуу Орусиянын Тышки иштер министрлиги үн катты.

Орусиянын ТИМинин басма сөз кызматкери Мария Захарованын айтымында, аталган мыйзам долбоору 2021-жылы коомдук талкууга чыгарылганда, баштапкы редакцияга карата кыргыз коомчулугу, анын ичинде орус тилдүү жарандар тарабынан сын-пикирлер айтылган.

«Андан кийин документ толукталып иштелип чыгып, мурда жок болгон жоболор, мисалы, бардык этностун эне тилин сактоосуна жана өнүктүрүүсүнө кепилдик берүү жөнүндө жобо кирген. Ошол эле учурда мыйзам долбооруна мамлекеттик тилди билбегени үчүн жарандардын укугун чектөөгө жол бербеген норма кирген эмес. Азыркы калыбында бул мыйзам кыргыз тилин билбеген жарандар үчүн белгилүү бир кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн», — деди Захарова.

Захарова билдиргендей, Орусия кыргыз тарапка бир нече ирет бул мыйзамдын кабыл алынышы титулдук эмес калктын, анын ичинде «мекендештердин» укуктук абалына ыңгайсыз жагдайды туудурушу мүмкүн экенин айткан.

«Өнөктөштөрүбүз мыйзам долбоору орус тилин жокко чыгаруу максатын көздөбөй турганын билдирген. Ага байланыштуу Кыргызстандын жетекчилиги биздин союздаштык мамилелердин алкагында кыргыз тилин да өнүктүрүү, Кыргызстанда конституциялык макамы бар орус тилин да колдоого багытталган тең салмактуу тил саясатын жүргүзөт деп үмүт кылабыз», — деди ал.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын ТИМинин комментарийи боюнча билдирүү жасай элек.

Эскерте кетсек, 31-майда Жогорку Кеңеште «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын долбоору кабыл алынган.

Copyright © 2017 Maral FM